Нарында жаш кыздарга ыдык көрсөткөнү айтылган адам асынып алды

Нарын шаарында окуучу кыздарга бир топ жылдан бери ыдык көрсөтүп келген деп айтылып жаткан адам 14-апрелде муунуп каза болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Милиция буга чейинки маалыматтарды териштирүү уланып жатканын кошумчалады.

Инстаграмда Нарында англис тили курсунан сабак берген мугалим бир топ жылдан бери окуучу кыздарга ыдык көрсөтүп келгенин баяндаган баракча ачылган. Бир топ кыздар мындай окуяга кабылганын айтып, өздөрүнүн башынан өткөргөндөрүн анонимдүү түрдө жазып жатышкан.

Коомчулукта ал мугалимди жоопко тартуу талабы айтылып жаткан. Нарын облустук ички иштер башкармалыгы фактыны териштире баштаган.

15 Апрель 2024 жыл 15:16
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча