Олимпиада-2024. Балбан Бекзат Алмаз уулу беттешин жеңиш менен баштады

Париждеги жайкы Олимпиада оюндарында спорттук күрөш боюнча мелдештер өтүүдө.

Кыргызстандык спортчу Бекзат Алмаз уулу 57 кг чейинки салмак ченинде 1/8 финалда беттештерин баштап, казакстандык балбан Мейрамбек Картбай менен кез келди.

Анда кыргыз балбаны атаандашын 4:1 эсебинде жеңип, чейрек финалга чыкты.

Эми Бекзат Алмаз уулу чейрек финалда Спенсер Ричард Ли (АКШ) — Ванхао Жу (Кытай) беттешинде жеңген спортчу менен күрөшөт.

8 Август 2024 жыл 15:55
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча