Таиландда автобус кырсыкка учурап, кеминде жети киши каза болуп, 40 дан ашууну жаракат алды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазууда. Окуя жекшембиден дүйшөмбүгө караган түнү саат экилерде болгон.
Маалыматка караганда чоң ылдамдыкта тоодон түшүп келе жаткан автобустун тормозу иштебей калып, андан кийин жүк ташуучу унаа менен сүзүшкөн. Кагылышуудан өрт чыгып, жети адам ошол жерден каза болуп, 53 адам күйүп жаткан автобустун ичинен куткарылган. Алардын 41и медициналык жардамга муктаж экени маалымдалды.
Учурда кырсыктын чоо-жайын укук коргоо органдары иликтеп жатат.