Президент Садыр Жапаров “ Кабар” агенттигине коомчулукта кызуу талкууга алынып келе жаткан казино маселеси боюнча маек берди.
—Казинолордун ачылышын утурлай коомчулуктун бир бөлүгү эми балдар-кыздарыбыз кумар оюндарына батып бузула баштайт деген тынчсызданууларын билдиришти эле.Жагдай кандай?
— Бишкекте 3казино иштеп жатат. Ушул күнгө чейин бир дагы кыргыз жараны кирген жок. Кирбейт дагы. Казинону кайтарган милиция кызматкерлери көзөмөлдөп турушат. Видео жазуудагы бар. Эгер кыргыз жараны кирген казино аныкталып калса, анда ал казино автоматтык түрдө жабылат.
Ошондуктанбир кыргыздын 5-6 миң доллары үчүн казино ээси бир миллион долларлык лицензиясынан айрылгысы келбесе керек?
Ал эми жашыруун казино ачып алып иштегендерди күч органдары кармап, мүлктөрүн конфискациялап жаткан учурлар бар. Жашыруун казино иштеткендер илгертен бериэле болуп келген. Азыр дээрлик жокко эсе болуп калды. Көзөмөл катуу.
Ал эми биздин кыздар-балдарыбызга айтаарым кумар оюндарына кызыкпагыла. Өлкө боюнчабиздин жарандардын казинолорго кирбешин көзөмөлдөөгө толук күчүбүз жетет. Ал эми кошуна өлкөгө барып кумар ойноп келип жүргөн жарандарыбыз бар. Аларды көзөмөлдөш кыйын.
Мамлекеттуристтер үчүн, өлкөбүзгө инвестиция тартыш үчүн, экономикабызды көтөрүш үчүнгана аракетибизди жасап жатабыз.