2026-жылдын мыкты унааларынын тизмесине биринчи жолу гибриддер жана электр унаалары кирди. Бул тууралуу Коммерсант гезити америкалык Consumer Reports журналынын жылдын мыкты унааларынын рейтингине таянып жазды.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын мыкты унааларынын тизмесине төмөнкү унаалар кирди: Honda Civic/Hybrid; Toyota Camry/Гибрид; SUV Subaru Crosstrek/Гибрид; Subaru Forester/Гибрид; Toyota Grand Highlander/Гибрид; Lexus NX/Гибрид, BMW X5/Гибрид; Ford Maverick/Гибрид; Ford F-150/Гибрид; Tesla Model Y.
Consumer Reports журналы ошондой эле эң ишенимсиз 12 электр унаасынын тизмесин жарыялады. Анын курамына тормозу, заряды, аккумулятордун иштеши сыяктуу көйгөйлөргө туш болгон моделдер кирген. Мындай ишенимсиз моделдердин катарында Lucid Air, Rivian R1S, Audi Q4 e-tron, Audi Q6 e-tron, Hyundai Ioniq 9, Hyundai Ioniq 5, Kia EV6, Kia EV9, Honda Prologue, Genesis GV60, Rivian R1T, Chevrolet Blazer EV бар.