24-июнга күтүлгөн аба ырайы

24-июнда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 18…23, күндүз 27…32

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 25…30

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17…22, күндүз 30…35

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 23…28

Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күңдүз 19…24

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 21…23°, күндүз 30…32° жылуу болот.

23 Июнь 2026 жыл 17:23
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча