Синоптиктер билдиргендей, эртең, 27-июнда өлкөнүн дээрлик көпчүлүк аймактарында жаан-чачын күтүлөт.
Аймактарда абанын температурасы төмөндөгүдөй болот:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +18… +23, күндүз +32… +37;
Талас жергесинде түнкүсүн +14… +19, күндүз +28… +33;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +19… +24, күндүз +33… +38;
Нарын аймагында түнкүсүн +7… +12, күндүз +25… +30;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +13… +18, күндүз +26… +31,
Бишкек шаарында түнкүсүн +21… +23, күндүз +35… +37 градус.