
Эртең, 1-июлда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында, Чүй, Ош облустарындагы тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт. Чүй, Ош облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +16…+21 күндүз +31…+36
Таласта түнкүсүн +11…+16 күндүз +29…+34
Баткен облусунда түнкүсүн +17…+22 күндүз +32…+37
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +17…+22 күндүз +32…+37
Ысык-Көлдө түнкүсүн +11…+16 күндүз +24…+29
Нарында түнкүсүн +6…+11 күндүз +24…+29
Бишкек шаарында түнкүсүн +19…+21, күндүз +32…+34 градус болот