Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, эртең, 5-февралда өлкө аймактарында күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы төмөндөгүдөй болот:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн −3… +2, күндүз +11… +16;
Талас жергесинде түнкүсүн −3… +2, күндүз +9… +14;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн −2… +3, күндүз +11… +16;
Нарын аймагында түнкүсүн −15… −20, күндүз −1.. −6;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн −1… −6, күндүз +2… +7;
Бишкек шаарында түнкүсүн 0… +2, күндүз +14… +16 градус.