Айдоочулардын эсине! Бүгүндөн тарта Фрунзе көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Бишкекте бүгүн, 11-августтан тарта Фрунзе көчөсүнүн Ибраимов көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу жабылат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бул иштер жолду реабилитациялоо долбоорунун кезектеги этабы болуп саналат. Анын алкагында жолдун эски катмары алынып, негизин бекемдөө, инженердик тармактарды оңдоо жана жаңы асфальт төшөө иштери жүргүзүлөт.

Буга чейин Фрунзе көчөсүнүн А.Сүйүнбаев көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө оңдоо иштери аяктап, жол кыймылы ачылган.

Бишкек мэриясы айдоочуларды жана жөө жүргүнчүлөрдү каттамдарын алдын ала пландап, убактылуу жол өзгөрүүлөрүн эске алууга чакырат.

11 Август 2026 жыл 9:20
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча