Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков 10-августта Сыргак Кенжебаев аттуу жарандын социалдык тармактарда жарыялаган видео кайрылуусуна комментарий берди.
Орунбеков Кенжебаевдин бийлик, коррупция тууралуу айткандарын «жалган, манипуляция жана курулай доомат» катары баалап, бажы тармагынын иши мыйзамдуу экенин билдирип, видео жарыялады.
«2020-жылга чейин бажыдан ашып кетсе 20 миллиард сомдун тегерегинде акча каражаты чогулчу. Учурда мурда бир жылдап чогулткан каражатты бир айда топтоп жатабыз. 2021-жылдан тарта киреше кескин жогорулаган, быйыл 161,5 млрд сом план коюлган. Ар бир айдагы төлөмдөр пландан ашыгы менен аткарылууда. Демек, бул тармак реформа болгон, эч кандай шек саноолор дагы болушу дагы мүмкүн эмес», — деп жазды Орунбеков.
Ал Кенжебаевдин мурда соттолуп, кылмыш жообуна тартылганын айтып, «чет өлкөдө жашынып алып кыргызстандыктарга кантип жашоо керектиги тууралуу лекция окубай, алгач кылган иштери үчүн мыйзам алдында жооп берүүгө» чакырган.