Кыргызстанда беш айда 666 ымыркай чарчап калган

2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстанда бир жашка чейинки 666 бала чарчап калган. Былтыр ушул эле мезгилде бул көрсөткүч 675 болгон.

Каза болгон наристелердин 448и перинаталдык мезгилде пайда болгон оорулардан, 113ү тубаса өнүгүү кемтиктеринен улам көз жумган.

Саламаттык сактоо министрлиги 2030-жылга чейин перинаталдык кызматты реформалоону пландоодо. Анын алкагында кош бойлуу аялдарды көзөмөлдөө, төрөткө чейинки кам көрүү жана скрининг системалары жакшыртылат.

10 Август 2026 жыл 14:44
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча