«75чилердин каты» боюнча апелляциялык сот башталды

10-августта Бишкек шаардык соту коомчулукта «75чилердин каты» деген ат менен белгилүү кылмыш иши боюнча апелляциялык арызды кароону баштады.

Сот отурумуна келген айыпталуучулардын бири Эмилбек Узакбаев өзүн күнөөсүз деп билдирди. Ал эми Курманкул Зулушев, Бекболот Талгарбеков жана Аалы Карашев журналисттерге комментарий беришкен жок.

Апелляциялык арызды прокурорлор райондук соттун өкүмүнө нааразы болуп беришкен. Ошондой эле айыпталуучулардын айрымдарынын адвокаттары да биринчи инстанциянын чечимин кайра кароону өтүнүшкөн.

Эске салсак, 2-июлда Биринчи май райондук соту бул иш боюнча сегиз адамды күнөөлүү деп таап, төрт жылдык жаза чектегени менен үч жылдык пробация колдонуп, аларды эркиндикте калтырган. Камакта жаткан беш айыпталуучу сот залынан бошотулган.

10 Август 2026 жыл 10:59
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча