9-августта Тоголок Молдо көчөсүнүн Фрунзе көчөсүнөн Абдымомунов көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат.
Муниципалитеттен билдиришкендей, бул убакта курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлөт.
Ошол эле күнү Фрунзе менен Панфилов көчөлөрүнүн кесилиши автотранспорттун жүрүүсү үчүн кайрадан ачылат.
Мэрия айдоочулардан убактылуу өзгөрүүлөрдү эске алып, каттамдарын алдын ала пландап, орнотулган жол белгилеринин талаптарын так сактоону өтүнөт.