Токтогул суу сактагычынан 40 миң метр тор чыгарылды

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан Токтогул суу сактагычында рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө суу сактагычтан жалпы узундугу 300 метрди түзгөн мыйзамсыз балык уулоочу эски синтетикалык торлор чыгарылды.

Белгилей кетсек, жыл башынан бери аталган кызмат тарабынан Токтогул суу сактагычында жалпы 52 рейд өткөрүлүп, 40 миң 800 метр синтетикалык тор жана 500 килограмм таштанды чыгарылды.

7 Август 2026 жыл 15:28
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча