Кытайдын чыгышындагы Шанхай жана Вэньчжоу шаарларында өлкөгө жай айында соккон эң кубаттуу тропикалык циклон — «Долфин» тайфунунун айынан 1 миллионго чукул адам эвакуацияланды. Бул тууралуу Reuters кабарлады.
Агенттик белгилегендей, шамалдын борборундагы ылдамдыгы секундасына 42 метрге чейин жетип, биринчи категориядагы ураганга туура келген. Бийлик өкүлдөрү деңиз объекттеринен кызматкерлерди эвакуациялап, кемелерди портторго кайтарып, суу сактагычтарды жана жер көчкү коркунучу бар аймактарды текшерүүнү күчөтүп, жүздөгөн авиакаттамдарды токтотту.
Буга чейин «Долфин» тайфуну Япониянын түштүгүнө согуп, ал жакта 175 миңге чукул адамга эвакуациялануу тууралуу көрсөтмө берилген.