Таиландда мектептеги ок атуудан жети адам каза болду

Таиланддын Нонтхабури провинциясындагы мектептердин биринде болгон ок атуудан жети адам каза болуп, дагы 15и жаракат алды. Бул тууралуу Reuters агенттигине таянып, Казинформ маалымдады.

Каза болгондордун арасында үч мугалим, үч окуучу жана кол салган адам бар. Ал өз жанын кыйган. Жаракат алгандардын экөө оор абалда экени айтылууда.

Полициянын маалыматына караганда, кол салган адам 14 жаштагы мектеп окуучусу болгон. Ал кеминде 26 жолу ок чыгарган. Кармалгандан кийин анын жанынан дагы 34 ок-дары табылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, курал окуучунун чоң атасына таандык болгон.

7 Август 2026 жыл 16:09
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча