Кант – Тоолуу Серафимовка жолунун 10 чакырымына асфальт төшөлөт

Ысык-Ата районундагы Кант – Тоолуу Серафимовка унаа жолунун 10 чакырым бөлүгү капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, ага жаңы асфальт төшөлөт.

«Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, учурда объектте жер кыртышын түздөө, жолдун туурасын кеңейтүү, шагыл-кум аралашмасын төшөө жана тыгыздоо иштери жүргүзүлүүдө.

Долбоор аяктагандан кийин Алмалуу, Ичке-Суу, Тогуз-Булак жана Норус айылдарынын тургундары үчүн Кант шаарына жана башка калктуу конуштарга жетүү жеңилдеп, жол жүрүү убактысы болжол менен 30 мүнөткө чейин кыскарат.

Ошондой эле транспорттук байланыш жакшырып, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө түзөрү белгиленди.

7 Август 2026 жыл 15:29
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча