Араванда мыйзамсыз курулуп жаткан кичи ГЭС аныкталды

Араван районунда кичи ГЭСти мыйзамсыз куруп жаткан компанияга карата чара көрүлдү.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, аталган ГЭС Кичи-Алай айылындагы Турук дарыясына Мамлекеттик бирдиктүү курулуш реестрине катталбастан курулуп жатканы аныкталган.

Бул факты боюнча «Эл Бат Энерджи Турук» ЖЧКсына акт түзүлүп, 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ошондой эле курулуш нормаларын бузуу фактылары боюнча тиешелүү талаптар коюлду.

7 Август 2026 жыл 13:49
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча