«Каракол» аэропортунун өзгөчө кырдаалдарга даярдыгы текшерилди

«Кыргызстан аэропорттору» ААКка караштуу «Каракол» эл аралык аэропортунун жарандык коргонуу боюнча даярдыгы бааланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгынан билдиришти.

Башкармалыктын атайын комиссиясы аэропорттун кырсык жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыгын, ошондой эле күчтөрүнүн жана каражаттарынын абалын текшерди.

Баалоонун жыйынтыгында аэропорттун жарандык коргонуу абалы «жарым-жартылай даяр» деп бааланды. Аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилип, сунуштар айтылды.

10 Август 2026 жыл 12:11
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча