1-октябрдан тарта пенсия жогорулайт

2026-жылдын 1-октябрынан тарта Кыргызстанда пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү индексацияланып, пенсиянын минималдуу өлчөмү 8 800 сомго чейин жогорулатылат.

Социалдык фонддун маалыматына ылайык, индексация коэффициенти 1,20 өлчөмүндө белгиленди. Пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү кеминде 1 000 сомго, бирок 10 000 сомдон ашпаган өлчөмдө көбөйтүлөт.

Индексациядан кийин пенсиянын орточо өлчөмү 12 898 сомго жетери күтүлүүдө. Орточо өсүш 1 753 сомду түзөт.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, 2026-жылдын 1-октябрына карата Кыргызстанда 832,4 миң пенсионер болот. Пенсияларды индексациялоого Социалдык фонддун каражаттарынан 4,4 млрд сом каралган.

10 Август 2026 жыл 15:22
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча