Күз-кыш мезгилине даярдык: Республикалык штабдын жыйыны өттү

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбековдун төрагалыгы алдында Кыргызстандын экономика тармактарын жана калкын 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча республикалык штабдын жыйыны болуп өттү.

Жыйынга тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана мекеме ишканалардын жетекчилери катышты. 

Отурумда алгач жылытуу мезгилине карата суу-энергетикалык абал жана отун-энергетикалык комплексинин даярдыгы жөнүндө Энергетика министрлигинин баяндамасы угулду. 

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылы республика боюнча электр энергияны керектөө көлөмү 19,6 млрд кВт/с болушу күтүлүүдө, анын 15,5 млрд кВт/с өзүбүздөн иштелип чыкса, калган 4,1 млрд кВт/с дефицит импорттолот. Ал эми, учурда Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү өткөн жылдын ушул убактысына салыштырмалуу аз болууда. 

Жогорудагы маселелерге байланыштуу электр энергияга болгон ички лимитти сактоо, сууну сарамжалдуу пайдалануу зарылдыгы айтылып, гидроэлектростанциялардагы гидроагрегаттарды жана жылуулук электр борборунда жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштерин графике ылайык бүткөрүү керектиги белгиленди.  

Ал эми, отун менен камсыздоодо республика боюнча 2026-2027-жылга жалпы күйүүчү мазут – 45,5 миң тонна, көмүр – 3 408,5 миң тонна керектелет. Кампаларга графикке ылайык тийиштүү көлөмү жеткирилген, ошондой эле тендерлер өткөрүлүп келишимдер түзүлүүдө. Мындан тышкары, республиканын жаратылыш газы маселесинде 2026-жылга газдаштыру жана долбоорлоо-изилдөө иштери жүргүзүлүүдө. 

Отурумда ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларындагы жылуулук менен камсыздоочу ишканалардын, аймактардагы муниципалдыкжылуулук менен камсыздоочу ишканалардын кышка даярдыгы жана бюджеттик мекемелерди отун менен камсыз кылуу, аларды жылытуу мезгилине даярдоо жөнүндө маселелер каралып, бул багыттарда тиешелүү жетекчилер учурдагы абал тууралуу баяндама беришти. 

Жыйындын соңунда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков министрлердин, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, мэрлердин, акимдердин, муниципалдык ишканалардын жана энергетикалык компаниялардын жетекчилеринин алдыдагы жылытуу мезгилине талаптагыдай даярдык көрүү жана аны туруктуу өткөрүү боюнча жеке жоопкерчилигин белгиледи. 

Оңдоо жана реконструкциялоо иштерин өз убагында жана сапаттуу жүргүзүү, алардын күз-кыш мезгилинде максималдуу кубаттуулук менен иштөөгө даярдыгын камсыз кылуу, энергетикалык ишканаларын көмүрдүн тийиштүү көлөмү менен камсыз кылуу сыяктуу бир катар протоколдук тапшырмалар берилди. Графикке ылайык, жылдын октябрь айына чейин экономика тармактарын жана калкты күз-кыш мезгилине даярдоо иштери толук аякташы керек.

10 Август 2026 жыл 16:58
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча