Ош шаарындагы тергөө абагынын имараты музейге айланат.
Муниципалитеттен билдиришкендей, калаа башчысы Жанарбек Акаев тергөө абагы жайгашкан имарат шаар сыртына (Отуз-Адыр айылына) чыгарыларын айтып, эски орду музей катары кызмат кыларын билдирди.
Белгилей кетсек, шаардагы бул тарыхый имаратты Алымбек датка менен Курманжан датканын уулу Камчыбек 1890-жылдары кербен сарай катары курдурган.