Бишкек шаарындагы Исанов көчөсүндө канализация тармагын куруу иштери жүргүзүлөт.
Муниципалиттен билдиришкендей, буга байланыштуу30-июндан тарта аталган көчөнүн Ташкент көчөсүнөн Күрөңкеев көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн 10 күнгө толугу менен жабылат.
«Аталган тилкедеги иштер аяктагандан кийин курулуш этап-этабы менен улантылат. Алдыда Исанов көчөсүнүн кийинки тилкелери да жумуштун жүрүшүнө жараша кезеги менен, ар бири 10 күндөн убактылуу жабылып турат», — деп айтылат маалыматта.