Бишкек шаарынын Ленин районунда аймактарга каттаган таксилердин ишин тартипке келтирүү багытында рейд өттү.
Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, анда айдоочуларга тыюу салынган жерлерден жүргүнчүлөрдү унаага отургузуу мыйзам бузуу экени түшүндүрүлдү.
Аларга атайын уюштурулган жайларда гана жүргүнчүлөрдү тейлөө керектиги эскертилди.
Бул чаралар коомдук коопсуздукту камсыз кылууга, тартипти сактоого жана жол кыймылын жөнгө салууга багытталган.
Рейдге Бишкек шаардык патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкерлери катышып, коомдук тартипти камсыздоого көмөк көрсөтүштү.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Кылмыш-жаза кодексине ылайык, 5 протокол түзүлдү.
Мэрия шаарды ирээтке келтирүү, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу жана таксилердин мыйзамсыз иш-аракеттерине жол бербөө максатында ушул сыяктуу иш-чаралар байма-бай өткөрүлүп турарын белгиледи.
Ошондой эле айдоочулардын лицензиясынын бар-жогу да каралат.