Япониянын түштүк-батышында шейшемби күнү алдын ала күчү 7,1 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Kyodo агенттиги билдирди.
Япониянын метеорологиялык агенттигинин маалыматына караганда, жер титирөөдөн кийин Ариаке жана Яцусиро булуңдарында цунами коркунучу тууралуу эскертүү берилди. Жергиликтүү тургундарга жээктен алыс болуу катуу эскертилди.
Жер титирөөнүн очогу Кумамото префектурасында, болжол менен 10 чакырым тереңдикте жайгашкан.
Kyushu Electric компаниясынын маалыматына ылайык, Кумамото префектурасында 45 миң 600гө жакын үй электр жарыгысыз калды. JR Kyushu темир жол компаниясы поезддердин каттамы убактылуу токтотулганын билдирди.