Бишкек – Балыкчы поездине таш ыргытылып, вагондун айнеги сынды

Белгисиз адамдар Бишкек – Балыкчы багытындагы жүргүнчү поезддин жүргүнчүлөрүнүн жана кызматкерлеринин коопсуздугуна коркунуч жаратты. Бул тууралуу Кыргыз темир жолу билдирди.

«2026-жылдын 27-июлунда саат 22:54 чамасында Балыкчы – Бишкек-2 багыты боюнча каттаган №609 шаар четиндеги жүргүнчү поезди Новопокровка айылынан чыгып бара жаткан учурда, белгисиз адамдар жүрүп бараткан поездди эки тарабынан атайылап таш менен ургулашкан.

Бул аракеттер жүргүнчүлөрдүн жана поезд бригадасынын кызматкерлеринин өмүрүнө жана ден соолугуна, ошондой эле поезддердин кыймылынын коопсуздугуна олуттуу коркунуч жаратты. Таштардын бири вагондун терезесинин айнегин сындырып, вагондун ичине кирген.

Окуянын кесепетинен бир нече вагондун терезелери жабыркап, «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасына материалдык зыян келтирилди. Темир жол кызматкерлеринин ыкчам аракеттеринин натыйжасында жабыркаган терезелер кыска мөөнөттө алмаштырылды»,-деп айтылат маалыматта.

Бул факт боюнча материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди. «Кыргыз темир жолу» УК» МИси күнөөлүүлөрдү ыкчам аныктап, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат деп ишенет.

«Кыргыз темир жолу» УК» МИси мындай аракеттерди кескин айыптайт. Жүрүп бараткан жүргүнчү поездге таш ыргытуу жөн гана тамаша же эрмек эмес, бул адамдардын жаракат алышына жана оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн болгон кооптуу мыйзамсыз аракет.

Ишкана жарандарды темир жол инфраструктурасынын объектилерине аяр мамиле кылууга жана вандализм фактылары же башка мыйзамсыз аракеттер тууралуу укук коргоо органдарына билдирүүгө чакырат.

28 Июль 2026 жыл 15:15
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча