Баланын төрөлгөнүн эми «Түндүк» тиркемеси аркылуу онлайн каттоого болот

Мобилдик «Түндүк» тиркемесинде баланын төрөлгөнүн онлайн каттоо кызматы жеткиликтүү болду. Бул тууралуу «Түндүк» ААКтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эми эне да, ата да баланын төрөлгөнүн каттоо боюнча арызды түздөн-түз «Түндүк» тиркемеси аркылуу бере алышат.

«Түндүк» аркылуу төмөнкү кызматтарды колдонууга болот:

баланын төрөлгөнүн каттоого арыз берүү;
арыздын каралуу статусун көзөмөлдөө;
даяр туулгандыгы тууралуу күбөлүктү электрондук форматта алуу.

28 Июль 2026 жыл 17:05
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча