Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги Кыргызстанда тарыхый-маданий мурас объекттерин тарыхый-маданий баалуулугун жоготту деп таанууга 10 жылга мораторий киргизүү сунушун берди.
Коомдук талкууга коюлган мыйзам долбоорунда мындай жайларды тарых жана маданият эстеликтеринин мамлекеттик тизмесинен чыгарууга, аларды бузууга жана жаңы курулуштарды жүргүзүүгө тыюу салуу демилгеси жазылган.
Министрлик акыркы жылдары тарыхый-маданий мурас объекттери тарыхый баалуулугун жоготту же авариялык абалда деген жүйө менен алардын аймагы акырындык менен кыскартылып, мамлекеттик тизмелерден чыгарылып, андан кийин бузулуп, ордуна коммерциялык багыттагы имараттар курулган учурлар бар экенин билдирди.
1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети жана максаты
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттеринин сакталышын, бүтүндүгүн жана мамлекеттик корголушун камсыз кылууга, ошондой эле алардын жоголушуна жана мыйзамсыз жок кылынышына жол бербөөгө багытталган.
2-берене. Мораторийди киргизүү
10 (он) жылдык мөөнөткө төмөнкүлөргө мораторий киргизилсин:
тарыхый-маданий мурас объекттерин тарыхый-маданий баалуулугун жоготту деп таанууга;
тарыхый-маданий мурас объекттерин Кыргыз Республикасынын тарых жана маданият эстеликтеринин мамлекеттик тизмесинен чыгарууга;
тарыхый-маданий мурас объекттерин бузууга жана демонтаждоого;
тарыхый-маданий мурас объекттеринин коргоо аймактарынын чегинде реставрациялоо, консервациялоо иштери жана музейлештирүү иштеринен тышкары жаңы курулуштарды жүргүзүүгө.
3-берене. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн чектөөлөр
Мамлекеттик органдарга, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тарыхый-маданий мурас объекттеринин абалынын начарлашына, аларды күтүү, пайдалануу режимдеринин жана коргоо аймактарынын бузулушуна алып келе турган чечимдерди кабыл алууга, ошондой эле алардын сакталышына терс таасирин тийгизе турган ар кандай иштерди жүргүзүүгө уруксат берүүчү документтерди берүүгө тыюу салынат.
4-берене. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин милдеттери
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө:
— ушул Мыйзамдын аткарылышын камсыз кылсын;
— өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;
— тарыхый-маданий мурас объекттерин инвентаризациялоону жүргүзсүн;
— Кыргыз Республикасынын тарых жана маданият эстеликтеринин мамлекеттик тизмесине киргизилген тарыхый-маданий мурас объекттеринин коргоо аймактарынын так чек араларын белгилөө боюнча чараларды көрсүн.
5-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кирүү тартиби
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.