Энергетиктерге жаңы атайын техникалар тапшырылды

 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ишканасынын филиалдарына жалпы баасы 50,8 млн сомду түзгөн жаңы атайын техникалар салтанаттуу түрдө тапшырылды.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, алардын катарына 8 даана кран-манипулятор жана 4 даана ЖАК Т-8 үлгүсүндөгү бригадалык унаа кирет.

Жаңы техникалар өлкө аймагындагы электр тармактарын тейлөөнүн натыйжалуулугун жогорулатып, калкты жана башка керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз, сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылууга багытталган материалдык-техникалык базаны чыңдоонун алкагында сатып алынды.

Техникаларды тапшыруу аземинде энергетика министри Алтынбек Рысбеков электр тармагын заманбап техника менен камсыздоо тармактын ишенимдүүлүгүн жогорулатууда өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.

Анын айтымында, жаңы атайын техникалар авариялык-калыбына келтирүү жана оңдоо иштерин ыкчам жүргүзүүгө шарт түзүп, электр тармактарынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууга көмөк көрсөтөт.

Ошондой эле бул 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилинде керектөөчүлөрдү туруктуу электр энергиясы менен камсыздоого өбөлгө болот.

29 Июль 2026 жыл 11:03
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча