Японияда күчү 7,1 баллга жеткен жер титирөө болду

Япониянын Кюсю аралындагы Кумамото префектурасында 7,1 баллдык күчтүү жер титирөөдөн кийин 170ке жакын афтершоктор катталды. Бул тууралуу Япониянын Улуттук метеорология башкармалыгынын маалыматына таянып, ТАСС билдирди.

Жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:09га карата аймакта күчү 1,9дан 6,1 баллга чейин жеткен жалпы 169 афтершок катталган.

Бул Японияда акыркы жылдарда болгон эң күчтүү зилзала катары бааланууда. Өлкөдөгү жер титирөөнүн күчүн баалоочу шкаласы боюнча ал эң жогорку — 7 баллга жеткен.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, кырсыктан 13 адам каза болуп, дагы 100дөн ашууну жаракат алган. Ошондой эле жер титирөөдөн улам өрттөр чыгып, айрым аймактарда жолдор менен көпүрөлөр жабыркап, имараттар урап, электр энергиясы үзгүлтүккө учураган.

29 Июль 2026 жыл 9:53
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча