Гидрометеорология кызматында мамлекеттик бюджеттин каражаттарын системалуу түрдө мыйзамсыз ээлеп алуу боюнча коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Аскер прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө Кыргызгидрометтин жооптуу кызмат адамдары узак убакыт бою мурда иштен бошотулган кызматкерлерге, ошондой эле айрым иштеп жаткан кызматкерлерге мыйзам боюнча төлөнүүгө тийиш болгон суммадан кыйла ашык өлчөмдө акча каражаттарын мыйзамсыз которуп келишкени аныкталды.
Анын катышуучулары узак убакыт бою бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдаланып келишкени белгилүү болду. Мунун кесепетинен мамлекеттик бюджетке өзгөчө ири өлчөмдө — 16 млн сом материалдык зыян келтирилген.
Аталган факт боюнча Аскер прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголуп, учурда зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.