Кыргыз мамлекетинин түптөөчүсү Жусуп Абдрахманов тууралуу тарыхый тасма тартылды

Төлөмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөөчүлөрүнүн бири Жусуп Абдрахмановго арналган «Жусуп» аттуу толук метраждуу тарыхый-драмалык көркөм тасма тартылды.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, тасманын режиссеру — Таалайбек Кулмендеев. Кинодолбоор Кинематография департаментинин колдоосу менен ишке ашырылган.

Тасманын улуттук бет ачары 25-августка белгиленип, ал Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына, Кыргыз АССРинин түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына жана мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун туулгандыгынын 125 жылдыгына арналат.

«Жусуп» тасмасы XX кылымдын биринчи жарымындагы тарыхый окуяларды көркөм чагылдырып, Жусуп Абдрахмановдун кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөдөгү ордун, элине жана мекенине болгон берилгендигин баяндайт.

Тартуу иштери Кыргызстан, Россия, Казакстан жана Өзбекстанда жүргүзүлгөн.

29 Июль 2026 жыл 13:35
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча