Изилдөө: Ысык-Көл ойдуңундагы мөңгүлөр тездик менен азаюуда

Акыркы 70–90 жыл аралыгында Ысык-Көл ойдуңундагы мөңгүлөрдүн жалпы аянты 33,7%га, ал эми 7–10 жыл ичинде 23,1%га азайган. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирет.

Анда белгиленгендей, бул маалыматтар аталган аймактын каталогун жаңыртуу учурда белгилүү болгон. Кызмат аларды мурдагылары менен салыштыруу учурунда аныктаган.

Жаңы каталогдо мөңгүлөрдүн бирдиктүү инвентаризациясы түзүлүп, алардын такталган чек аралары, морфометриялык көрсөткүчтөрү жана жаңыланган атрибуттук маалыматтары камтылды.

Аны даярдоодо Copernicus программасынын Sentinel-2 спутниктик сүрөттөрү, QGIS геомаалыматтык системасы, Google Earth платформасы колдонулган. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгында мөңгүлөрдүн чек аралары такталып, бөлүнүп кеткен, жаңы пайда болгон жана толугу менен жок болгон мөңгүлөр аныкталган.

Жаңыланган каталог өлкөнүн криосферасына мониторинг жүргүзүүдө маанилүү ресурс болуп саналат жана ал мамлекеттик органдарды, илимий мекемелерди, долбоорлоочу жана инженердик уюмдарды мөңгүлөрдүн учурдагы абалы жөнүндө ишенимдүү маалымат менен камсыз кылары белгиленет.

30 Июль 2026 жыл 13:41
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча