Айдоочулардын эсине! Киев көчөсүндө унаа кыймылы жарым-жартылай чектелет

Бишкекте 30-июлдан тарта Киев көчөсүнүн Абдрахманов менен Шопоков көчөлөрүнүн, ошондой эле Шопоков менен Ибраимов көчөлөрүнүн ортосундагы тилкелеринде жылуулук тармактарын алмаштыруу жумуштары башталат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Абдрахманов жана Шопоков көчөлөрүнүн ортосундагы тилкеде диаметри 159 мм түтүктөр, ал эми Шопоков жана Ибраимов көчөлөрүнүн ортосундагы тилкеде диаметри 219 мм түтүктөр алмаштырылат.

Буга байланыштуу 30-июлдан тарта аталган тилкелерде унаалардын кыймылы жарым-жартылай чектелип турат.

30 Июль 2026 жыл 9:56
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча