Лейлекте көмүр казуудагы мыйзам бузуулардан мамлекетке 201 млн сомдон ашык зыян келтирилген. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдирди.
Маалыматка ылайык. Ош экологиялык прокуратурасы тарабынан Баткен областынын Лейлек районундагы токой чарбасынын аймагында көмүр казуу иштеринин мыйзамдуулугу боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө, тиешелүү мамлекеттик органдардын жооптуу кызмат адамдары мыйзамсыз жүргүзүлүп жаткан иштерди өз убагында токтотууга жана мамлекеттик кызыкчылыктарды коргоо боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү болгонуна карабастан, кызматтык ыйгарым укуктарын талаптагыдай пайдаланбай, ишканалардын мыйзамсыз иш жүргүзүүсүнө шарт түзгөнү аныкталган.
Алсак, «К-А» жана «К-А П» ишканалары бөлүнүп берилген жер тилкелеринен тышкары 100 519 м² токой жеринин кыртышын мыйзамсыз бузуп, 739 494 м³ көлөмүндө калдыктарды төккөн жана жаратылышты пайдалануу үчүн милдеттүү төлөмдөр төлөшкөн эмес.
Натыйжада токой жерлерине 66 млн 342 миң 540 сом зыян келтирилип, бюджетке 135 млн 214 миң 453 сом түшпөй калган. Жалпы зыян 201 млн 556 миң 993 сомду түзгөн.
Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 307-беренеси (Жер казынасын коргоо жана пайдалануу эрежелерин бузуу) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.