Бүгүн Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев келет

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бүгүн, 30-июлда Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келет.

Сапардын жүрүшүндө бетме-бет форматта жана кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрүү пландалууда.

Сапардын жыйынтыгында бир катар мамлекеттер аралык, өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык документтерге кол коюу мерчемделген.

Өзбекстандын президентинин алдыдагы мамлекеттик сапары достук, ишеним жана өз ара колдоо принциптерине негизделген кыргыз-өзбек мамилелерин мындан ары чыңдоодогу маанилүү этап болуп калат.

30 Июль 2026 жыл 10:38
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча