Кадамжай районунун Чекилик айылында Өзбекстан менен байланыштырган туннель табылды. Бул тууралуу Баткен облустук милицциясы билдирди.
Маалыматка ылайык, туннель аткезчилик менен алектенүү үчүн казылган. Ал кароосуз калган үйдүн мал сарайынын ичинен табылган. Тереңдиги 12 метр, туурасы 1,5 метрди түзөт.
