Өмүрбеков Курсантбек Анарбекович энергетика министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.
Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Өмүрбеков Курсантбек Анарбекович эки жогорку билимге ээ:
Курсантбек Өмүрбеков энергетика тармагында 20 жылга жакын эмгектенип келет. Бул мезгил аралыгында мамлекеттик башкаруу системасында жана энергетика тармагынын өндүрүштүк багытында бир катар жооптуу кызматтарды аркалаган.
2022-жылы Энергетика министрлигине караштуу Энергетикалык көзөмөл кызматынын жетекчиси болуп иштеген. 2024-2025 жылдары энергетика министринин орун басары кызматын аркалап, кийинчерээк министрдин биринчи орун басары болуп дайындалган. 2025-жылы «Электр станциялары» ААКтын башкы директору кызматын аркалаган.