Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына кол койду.
Конституциялык мыйзам 2026-жылдын 24-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Конституциялык мыйзамдын максаты болуп Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү саналат.
Алсак, конституциялык мыйзам менен «Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган:
– Кыргыз Республикасынын президентинин кезектеги шайлоолору анын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктоочу жылдын январь айынын төртүнчү шаршембисинде өткөрүлөт (алсак, кезектеги президенттик шайлоолор шаршембиде, 2027-жылдын 27-январында өтөт);
– Жогорку Кеңешке кезектеги шайлоолор учурдагы чакырылыштагы Жогорку Кеңеш шайланган конституциялык мөөнөт аяктаган айдын шаршембисинде өткөрүлөт;
– Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоолорунда добуш берүү күндөрү иш берүүчүнүн менчигинин түрүнө карабастан жумуш күнү катары эмгек акысын сактоо менен дем алыш күнү болуп эсептелет;
Мындан тышкары конституциялык Мыйзам менен төмөнкүлөр каралган:
– »шайлоо дареги» институту жоюлууда;
– шайлоо участоктору эреже катары, ар бир участокто 4000ден ашпаган шайлоочу эсебинде түзүлөт;
– талапкерлигин коюу ниетин билдирген жаран, ошондой эле талапкерлерди көрсөтүүгө ниеттенген саясий партия документтерди бергенге чейин өзүнүн шайлоо фондун ушул конституциялык мыйзамда белгиленген тартипте түзүүгө милдеттүү;
– талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондун түзүүнүн, акча каражаттарынын келип түшүүсүн жана чыгымдалышын эсепке алуунун тартиби Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан аныкталат;
– талапкерлигин коюу ниетин билдирген жаран шайлоо төгүмүн өзүнүн шайлоо фондунан Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын депозиттик эсебине ушул конституциялык мыйзамда белгиленген өлчөмдө төгөт;
– талапкерлигин коюу ниетин билдирген жаран, саясий партия шайлоо төгүмүн жеке шайлоо фондунун каражаттарынан төгөт;
– талапкер, саясий партия Кыргыз Республикасынын жарандары менен үгүт иштери боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруу жөнүндө келишимдерди ар бир шайлоо участогунда үчтөн ашпаган сандагы үгүтчү менен түзүүгө укуктуу;
– шайлоо төгүмүн төккөндүгүн ырастоочу банктык документ (түп нускасы) жок болгон учурда талаптарга шайкештигин текшерүү жүргүзүлбөйт, ал эми талапкерлигин коюу ниетин билдирген жарандын документтери берилген эмес деп эсептелет жана кайтарып берилүүгө тийиш;
– кол тамгаларды чогултуу булуттук санарип кол тамгасын (БСК) колдонуу менен санариптик форматта же болбосо активдүү шайлоо укугуна ээ болгон шайлоочулардын арасында кол коюу барактарында ишке ашырылышы мүмкүн.
Аталган конституциялык мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.