Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) Telegram мессенжеринин негиздөөчүлөрүнүн бири Павел Дуровго террорчулук ишмердүүлүккө көмөктөшкөн деген айып сыртынан тагылганын билдирди. Бул тууралуу 29-июлда орусиялык мамлекеттик маалымат агенттиктери ФСБнын Коомчулук менен байланыш борборуна таянып жазышты.
Маалыматка ылайык, чет өлкөдө жашап жүргөн Дуровго эл аралык издөө жарыялоо жараяны башталган.
ФСБ билдиргендей, Telegram администрациясы украин атайын кызматтары, ошондой эле орус бийлиги террордук жана экстремисттик деп тааныган уюмдар колдонгон көптөгөн каналдарды, чаттарды жана ботторду өчүргөн эмес. Орус бийлиги бул ресурстар террордук чабуулдарды даярдоодо жана кибералдамчылык иштеринде пайдаланылганын, анын кесепетинен адамдар, арасында аялдар жана балдар курман болгонун билдирүүдө.
Быйыл февралда Орусиянын мамлекеттик маалымат каражаттары ФСБга шилтеме берип, Дуровго каршы терроризмге көмөктөшүү беренеси боюнча кылмыш иши тергелип жатканын жазышкан. Дуров өзү да мындай иш бар экенин ырастаган. Бирок бул тууралуу расмий маалымат эми гана жарыяланды.
Ошол эле учурда Роскомнадзор февралдан бери Telegram мессенжерине кирүүнү чектөө боюнча чараларды күчөтүп келет. Бирок Telegram азырынча расмий түрдө бөгөттөлгөн интернет-ресурстардын тизмесине киргизиле элек.