Эгемендүүлүк күнү Баткен облусунда 15 объект пайдаланууга берилет

31-август — Эгемендүүлүк күнүнө карата Баткен облусунда жалпысынан 15 объекттин курулушу аяктап, салтанаттуу түрдө пайдаланууга берилмекчи.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, анын 12и социалдык объект, 3ү өндүрүш ишканасы.

Алар:
• Баткен шаары – Аэропорт участкасындагы 225 орундуу жаңы мектеп;
• Баткен шаары – муниципалдык автобекет;
• Сүлүктү шаарынын Белес участкасында – «Белес Резорт» эс алуу комплекси;
• Кызыл-Кыя шаарынын Караван айылында – жалпы дарыгерлер практика борборунун терапия бөлүмүнө кошумча имарат;
• Кызыл-Кыя шаарынын Кара-Козу участкасында – үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу үчүн жаңы имарат;
• Баткен районунун Жаңы-Жер айылында – 500 орундуу жаңы мектеп;
• Баткен районунун Суу-Башы айылындагы Жаңы-Достук участкасында – фельдшердик-акушердик пункт (ФАП);
• Самаркандек айыл аймагынын Самаркандек айылында – «Бала Нур» бала бакчасына кошумча корпус;
• Кадамжай районунун Айырбаз айылында – «Кыргызстандын 10 жылдыгы» атындагы 500 орундуу мектеп;
• Кадамжай шаарында – «Аленушка» бала бакчасы;
• Кадамжай шаарында – бардык мезгилде иштей турган муниципалдык жабык сүзүү бассейни;
• Раззаков шаарынын Тайлан айылында – «Ак-Шоола» бала бакчасынын жаңы корпусу.

Мындан тышкары, Эгемендүүлүк күнүнө карата облус аймагында 3 жаңы өндүрүш ишканасы ишке берилет.
Алар:
• Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагында – мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү (кургатуу) цехи;
• Кызыл-Кыя шаарында – «Асыл Холдинг» ЖЧКсынын кургак курулуш аралашмаларын өндүрүүчү өнөр жай ишканасы;
• Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл аймагындагы Гүлдүрөмө айылында – шагыл майдалоочу өндүрүш цехи.

Жаңы пайдаланууга берилүүчү объектилер калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга, заманбап билим берүү жана саламаттык сактоо шарттарын түзүүгө, туризмди өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын ачууга багытталган.

29 Июль 2026 жыл 18:11
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча