Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам көпчүлүк аймактарда кар жаап, жол тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
“Кыргызавтожол-Түштүк” жана “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү жумуштары аткарылып жатат. Каттам бар.
Бүгүн, 6-ноябрь саат 09:15ге карата Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө күчүндө турат. Кошумча маалымат берилет.
Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого жана унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.