⁩ АССОЛЬ МОЛДОКМАТОВАНЫН КҮЙӨӨСҮ ДҮЙНӨДӨН КАЙТТЫ

Ассоль Молдокматованын жолдошу, Бекназар Жамангараев күтүүсүздөн каза болду. Ал 50 жашта жүрөк жетишсиздигинен дүйнөдөн кайтты.

“Менин жарыгым, чын дилден сүйгөн, өзгөчө инсаным Бекназар күтүүсүздөн каза болду. Ал досум, жолдошум, күйөө, уул жана бир тууган катары жүрөгүмдө ар дайым жашайт.

Бул кайгылуу кабарды Москвада, Храм Христа Спасителянын чоң залында эл аралык конкурстун гала-концертин алып барып жаткан учурда уккам. Өтө оор, трагедиялуу учур болду.

Атасынын жана ага-инилеринин каалоосу боюнча Бекназар АКШнын Баффало шаарында жерге берилет. Кыргызстанда болсо Куран окутулат. Жаткан жери жайлуу болсун.

Рахмат сага, таза жүрөк Бекназар, сенин чын дилден берген сүйүүң үчүн. Сенин жарыгың ар дайым менин жүрөгүмдө болот.”

— Ассоль Молдокматова

4 Декабрь 2025 жыл 22:50
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча