Австралияда Биринчи дүйнөлүк согуштан калган бөтөлкөдөгү кат табылды

Батыш Австралияда Уортон-Бич суусунун жээгинде таштанды чогултуп жүргөн үй-бүлө Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда эки австралиялык жоокер тарабынан жазылган кат салынган бөтөлкөнү табышты. Кат 1916-жылдын 15-августунда жазылган. Бул тууралуу Азертадж жазды.

Каттын авторлору — Малькольм Невилл жана Уильям Харли аттуу жоокерлер болушкан. Алар 48-австралиялык жөө аскерлер батальонунун катарын толуктоо үчүн Аделаидадан Европага HMAT A70 Ballarat транспорттук кемеси менен сүзүп бара жатышкан. Карандаш менен жазылган каттарда алар көңүлдүү экендиктерин жана жакшылыкка үмүттөнүп жатышканын билдиришкен.

«Ким муну таап алса дагы өзүн азыркы биздей бактылуу сезсин», — деп жазган Уильям.

Малькольм болсо: «Бизде баары сонун, тамактар укмуш, бир гана деңизге көмгөн бир тамактан башкасы. Толкундар тээп, чайкап жатат, бирок биз «ларридей бактылуубуз» (абдан ыраазы деген эски сөз айкашы)», — деп кошумчалаган.

Тилекке каршы, Невилл фронтто бир жылдан кийин курман болгон, ал эми Харли согуштан аман калганы менен 1934-жылы газ чабуулунун кесепетинен каза болгон.

Бөтөлкөнүн абалына караганда, ал кум дөбөлөрдүн арасында жүз жылдан ашык жаткан. Каттын тексти оңой окулгандай деңгээлде сакталып калган. 

30 Октябрь 2025 жыл 9:35
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча