Бүгүн Төө-Ашууда кар көчкү атайлап түшүрүлөт

Бүгүн Бишкек – Ош унаа жолунда кар көчкүнү атайлап түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иштер жолдун 132, 133 жана 136-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусунун) жүргүзүлөт. Буга байланыштуу жерине № 9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан атайын техникалар тартылып, кызматкерлер кырдаалга ыкчам аракет көрүү даярдыгында турат.

Кар көчкүнү түшүрүүгө байланыштуу саат 09:00дөн тарта Сосновка постунан оор жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу чектөө киргизилди.

Ал эми өлкөнүн башка унаа жолдорунда каттам бар, жол ачык.

Учурда жол тейлөө кызматтары тарабынан кар тазалоо, кум-туз аралашмасын себүү жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

27 Февраль 2026 жыл 10:01
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча