Бүгүндөн тарта жол эрежесин бузгандарды жаңы аппарат аныктай баштайт

Кыргызстанда 1-июндан тартып жол кыймылынын эрежелерин бузуу фактыларын автоматтык түрдө аныктоочу жаңы заманбап программалык-аппараттык комплекстер толук кандуу иштей баштайт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Жаңы технология «Кызмат» мамлекеттик мекемеси тарабынан иштелип чыгып, ЖКККББнын алдындагы «Техникалык багыттагы борбор» мамлекеттик ишканасына өткөрүлүп берилген.

Аталган комплекс төмөнкү эреже бузууларды адамдын катышуусуз, автоматтык түрдө каттайт:

  • белгиленген ылдамдыктан ашырып айдоо;
  • айдоочунун же жүргүнчүнүн коопсуздук курун тагынбаганын;
  • руль башкарып бара жатып уюлдук телефон менен сүйлөшүү же пайдалануу;
  • каршы тилкеге чыгып кетүү.

«Мындай заманбап технологияларды колдонуу айдоочуларды жазалоо эмес, биринчи кезекте алардын жоопкерчилигин жогорулатуу, жолдордогу адам өлүмү менен коштолгон кырсыктарды азайтуу жана жарандардын өмүрүн сактоо болуп саналат.

Жаңы программалык-аппараттык комплекстер 2026-жылдын 1-июнунан тартып республиканын бардык аймактарында иш режимине киргизилет. Бул тутум жолдордогу ачык-айкындуулукту жана тартипти камсыз кылууга шарт түзөт», — деп айтылат маалыматта.

    

1 Июнь 2026 жыл 9:13
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча