Кадамжай районунда өспүрүм мотоциклден жыгылып, каза тапты. Бул туурасында Баткен облустук милициясы билдирди.
Маалыматка караганда кырсык бала жайлоого баратканда болгон.
«16 жаштагы А.А. Көк-Жалаң жайлоосуна мал караганы баратып, жаңы сатып алынган спорттук мотоциклди башкара албай жыгылган. Ал Чаувай жайлоосунда алган оор жаракатынан улам Тез жардам кызматы алып бара жатканда ооруканага жетпей, жолдо көз жумду», — деп айтылат маалыматта.
Ал эми учурда тиешелүү соттук-медициналык жана соттук-автотехникалык экспертизалар дайындалдалганы маалымдалды