Бишкек шаарында каттоосу бар, майыптыгы бар балдардын жеке ассистенттери муниципалдык коомдук транспортто акысыз жүрүү укугуна ээ болушту. Бишкек мэриясынан билдиришкендей, тиешелүү токтом Бишкек шаардык кеңеши тарабынан кабыл алынды.
Бул демилге майыптыгы бар балдарды тарбиялап жаткан үй-бүлөлөрдү колдоого жана алардын шаар ичинде ары-бери жүрүүсүнө жеткиликтүү шарттарды түзүүгө багытталган.
Документке ылайык, акысыз жүрүү укугу Бишкек шаарында туруктуу каттоосу бар, 18 жашка чейинки ДМЧ балдардын жеке ассистенттерине берилет.
Жеңилдетилген транспорттук картаны тариздөө үчүн төмөнкү даректерге кайрылуу зарыл:
Белгиленгендей, жеке ассистенттер балдарды күн сайын билим берүү, медициналык, спорттук жана чыгармачылык мекемелерге коштоп барышат. Акысыз жүрүү мүмкүнчүлүгүнүн берилиши үй-бүлөлөрдүн каржылык жүгүн азайтып, социалдык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатат.