Ишкерлерге мыйзамсыз айып пул салуу фактылары аныкталды

Прокуратура ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдардын сакталышына жүргүзүлүп жаткан көзөмөлдүн алкагында, ишкердик субъекттерин укук бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартуунун мыйзамдуулугуна мониторинг жүргүзүүнү улантууда.

2026-жылдын 5 айынын жыйынтыгы менен салык органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде укук бузуу үчүн эскертүү түрүндөгү жаза чарасы гана каралгандыгына карабастан ишкерлерге мыйзамсыз түрдө акчалай жаза чарасын колдонуу боюнча 105 факты аныкталган. Бул тууралуу башкы прокуратурадан билдиришти.

Мыйзамдуулукту калыбына келтирүү жана ишкерлердин укуктарын коргоо максатында прокуратура органдары тарабынан тиешелүү прокурордук чаралар көрүлүп, анын жыйынтыгында 51 кызмат адамына карата айып пулдар салынган жана ар кандай тартиптик жазаларга кириптер болушкан.

Прокуратура органдары бул багыттагы иштерди системалуу негизде улантууда.

Ошону менен катар, Башкы прокуратура бизнес субъекттеринин укуктарын коргоо боюнча жеткиликтүү механизмдер бар экендигин эскертет — «Бизнести коргоо» мобилдик тиркемеси (AppStore жана Google Play платформаларында жеткиликтүү), ошондой эле ар бир прокуратура органында ишеним телефондору иштейт (номерлери расмий сайтта жайгаштырылган: www.prokuror.kg).

29 Май 2026 жыл 10:18
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча